Президент Садыр Жапаров "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караган мыйзамга кол койду. Аталган документ турак жай куруу пландаштырылбаган жер участокторуна үй куруп алган жарандардын көп жылдан берки көйгөйлөрүн чечүүгө багытталган. Жылдар бою чечилбей келген бул маселе көптөгөн жараандардын мойнундагы оор жүктү алып таштады, дейт серепчилер.
Айыл-чарба багытындагы жерлерге ар кандай себептер менен учурунда турак жай салып алып, же аны мыйзамдаштырууга жол таппай, же мыйзамга ылайык чарбаларга ал жерден алынбай калган пайданын акчалай акысын төлөп бере албай, жарандарыбыздын калың тобу түйшүгүн жылдап тартып, жүрөк өйүткөн маселесин койнуна катып, жашап келет. Ал эми мамлекет башчысы кол койгон жаңы мыйзам жарандардын жашоосуна таасирин тийгизген экономикалык кырдаалга, баалардын өсүшүнө, пандемияга байланыштуу жарандардын жашоо-турмушунда орун алып келген кыйынчылыктарды эске алып, трансформацияланбаган участоктордо үй салып алган жарандарды айыл чарбадагы жоготууларга байланыштуу компенсацияларды төлөөдөн бошотот.
Мамлекеттик жана жергиликтүү бюджеттер бул кадамга байланыштуу кайсы бир көлөмдөгү жоготууларга учурашы талашсыз. Бирок, адамдын көңүлү, жарандардын турмушунун оңолушу биринчи кезекке коюлушу керек, деп аталган мыйзамга серепчилер баа берүүдө.