Евразиялык экономикалык биримдиктин өкмөттөр аралык кеңеши кезектеги отурумунда күн тартибине камтылган маселелерди талкуулап, алар боюнча тийиштүү чечимдерди иштеп чыгууга жетишти. Министрлер кабинетинин башчысы Улукбек Марипов кабыл алынган чечимдер Евразиялык экономикалык биримдиктин интеграциялашуу аракеттеринин мындан ары да тереңдешине мыкты түрткү берерине ишеним билдирди. Аталган жыйындын тар чөйрөдөгү форматында ЕАЭБ мамлекеттеринин өлкө башчылары товарларды ташып чыгуудагы тарифтерди жакындаштыруу, өз-ара жана тышкы сооданы камсыздандыруу чаралары, шайкештикти баалоо жаатында аккредитациялоо боюнча Евразиялык уюмун түзүү, ошондой эле глобалдык климаттык күн тартипти ишке ашыруу жаатындагы маселелерди талкуулашты.
Ошону менен бирге, Улукбек Марипов – "Кабыл алынып жаткан чараларга карабастан, биз дагы да жалпы экономикалык мейкиндикте товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, капиталдын жана жумушчу күчүнүн эркин жүрүүсүнө карай тоскоолдуктарга туш болуудабыз", деген пикирин ортого салды. "Биздин мамлекет башчыларыбыз ички рыноктогу тоскоолдуктарды жоюудагы Евразиялык экономикалык комиссиянын ролун күчтөндүрүү зарылдыгын бир нече ирет белгилеген", - деп эскертти Марипов. "Акыркы мезгилдеги тоскоолдуктарды аныктоодо жана аны четтетүүдө Комиссиянын ролунун төмөндөө тенденциясынын байкалышы евразиялык интеграциянын пайдасына чечилген жок", деген ойду айтып, кошумчалады ал.
Евразиялык экономикалык биримдиктин өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өз ара түшүнүшүү, ишеним жана конструктивдүү пикир алышуу маанайда жана натыйжалуу өттү, деген пикирин эксперттер айтышууда. Күн тартибиндеги маселелер терең талкууланып, тийиштүү чечимдер кабыл алынды.