Жаңылыктар
Президент Садыр Жапаровдун Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын жыйынтыктары
Кыргызстан жаңылыктары
Президент Садыр Жапаровдун Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын жыйынтыктары

Ысык-Көл облусунун Түп районунда 200 айыл тургунун жумуш менен камсыздаган тигүү фабрикасы иштеп жатат. Ушундай эле кыз-келиндердин башын бириктирген фабрика Жети-Өгүздө да ачылып, 300 жергиликтүү кыз-келиндердин эки-жака чыкпай жакындарынын жанында иштөөсүнө шарт түзүлдү. Президент Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында жергиликтүүлөрдү жумуш менен камсыздап жаткан бул ишканалардын иштөө шарттары, иш орундарынын тартиби, өндүрүш техникаларынын абалы менен таанышып чыкты. Мамлекет башчы элеттиктер менен баарлашып, аларды тынчсыздандырган бардык суроолорго жооп берди.

Ошондой эле өлкө башчы эгемендүү Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу долбоордун башкы подрядчысы ата мекендик компания - Кыргызстандын Жолчулар Ассоциациясы оңдоп жаткан Балыкчы – Барскоон каттамын көрүп чыкты. Жол тармагында 30 жыл ичинде жергиликтүү компанияларга ири долбоорлорго катышууга мүмкүнчүлүк берилген бир дагы учур катталган эмес.

Президент иш сапарынын жүрүшүндө Каракол шаарынын борбордук аянтында чыгаан мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахмановдун, кыргыз жазмасынын негиз салуучусу Касым Тыныстановдун, белгилүү окумуштуу, лингвист-түрколог Кусеин Карасаевдин 120 жылдыгына арналган салтанатка катышты. Алар - тарыхый жетишкендиктердин башында турган, мамлекеттин кышын кынаган эл уулдары. Мындай чыгаан инсандардын мамлекеттин түптөлүшүнө кошкон салымдары ар дайым урпактардын эсинде. Белгилей кетсек, аталган иш-чара Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган.