Мындай кадам салык кызматтарынын, банктардын жана почта бөлүмдөрүнүн ишин жеңилдетүү үчүн, ошондой эле шаардыктардын шартына карап жасалган.
Унаа салыгынан 1-сентябрга, турак жана жер салыгынан кутулууга 2-сентябрга чейин мөөнөт берилген. Мөөнөтүнөн кечиккен жеке тараптарга 1000 сом, юридикалык жактарга 5000 сом айып салынат. Кеңири маалыматты 116 номери же www.sti.gov.kg сайты аркылуу, ошондой эле жергиликтүү салык органдарынан алууга болот.