Жаңылыктар
Салык кызматы жарандарды унаа, турак-жай жана жер салыгын убагында төлөөгө чакырат
Кыргызстан жаңылыктары
Салык кызматы жарандарды унаа, турак-жай жана жер салыгын убагында төлөөгө чакырат

1-сентябрга чейин жарандар унаа салыгын жана 2-сентябрга чейин турак жай менен жер салыгын төлөшү керек. Төлөмдү банк кассаларында, почта бөлүмдөрүндө болбосо төлөм терминалдары, мобилдик жана интернет банкинг аркылуу жүргүзсө болот. Эгерде салыктар өз убагында төлөнбөсө административдик айып салынат. Буга байланыштуу Бишкектин төрт районунун администрацияларынын кызматкерлери мүлк ээлерине түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Унаа салыгын өз убагынан калтырбай төлөп коюу - биринчи кезекте жарандардын өзүнө эле жакшы. Салыктан качуу бул эки эсе чыгым тартуудан башка эч кандай пайда алып келбейт. Буга байланыштуу эки күндөн бери түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жаткан Мамлекеттик салык кызматынын Ленин району боюнча башкармалыгынын өкүлдөрү Ош базарынын аймагындагы жол жээгинде турган авто унаа ээлерин текшерди. 

Салыкчылар менен бирге чыккан Патрулдук милиция башкармалыгынын кызматкерлери рейд учурунда айдоочулардын эл ташып иштөөгө уруксат берген патенттерин текшерди.

Унаа ээлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул унаанын ээси эле эмес, тийиштүү бир дагы документи жок айдап жүргөн айдоочуга эскертүү берилип, авто унаа айып короого жөнөтүлдү. 

Ал эми Свердлов райондук администрациянын кызматкерлери турак жай менен жер салыгын төлөө боюнча рейд жүргүздү. Мисалы, бул мейманкананын ээси бир нече жылдан бери мүлк салыгын төлөбөй келген. Андан бери айыптын наркы да өсүп кеткен. Мейманкананын администратору кожоюну жок экенин айтып, инспектордун билдирүү кагазына кол коюудан баш тартты. 

Бул саунанын да ээси жок болгондуктан, билдирүү кагазы саунада иштеген кызматкердин колуна берилип, салык боюнча рейд жүрүп жатканын жана салыкты кечиктирбей төлөө эскертилди

Бул айым өзүн бильярд клубунун кожоюнунун жардамчысы катары тааныштырып, салык төлөө тууралуу маалыматы жок экенин билдирди. Инспектор салыкты убагында төлөбөсө мүлк ээси кошумча чыгым тарта турганын билдирди. Себеби убагында салык төлөбөсө айып пул салынат.

Эскерте кетсек, ушул жылдын 1-сентябрына чейин унаа салыгын, 2-сентябрга чейин турак жай жана жер салыгын төлөө зарыл. Эгерде салыктар өз убагында төлөнбөсө административдик айып каралган.