Балдар арасындагы залалдуу шишик оорулары, өлүм себептеринин тизмесинде экинчи орунду ээлейт. Бирок жыл өткөн сайын дарылоонун жаңыча ыкмалары изилденип чыгып, рак ооруларынын 76 пайызын дарыласа болоору аныкталган. Чолпон-Ата шаарында балдар онкологиясын дарылоо ыкмасын жакшыртуу боюнча иш чара өтүп, Кыргызстандагы балдар онкологиясынын көйгөйлөрү талкууланды. Иш чарага "Үмүт булагы" коомдук фондунун директору Айгүл Жапарова да катышты.
Дүйнө жүзүндө, анын ичинде Кыргызстанда жугуштуу эмес оорулардан каза болгондордун саны көбөйүп жатат. Иликтөөлөргө таянсак, өлкөдөгү жалпы өлүмдүн 80 пайызын жугуштуу эмес оорулардын кесепети түзөт. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун эсебинде Кыргызстанда өлүмгө алып келген коркунучтуу жугуштуу эмес оорулардын тобуна рак ооруларын киргизген.
Адистер залалдуу шишик ооруларын азайтуу же өмүрдү узартуу адамдын колунда дешет. Иш чарага чакырылган Россиянын Дмитрий Рогачёв атындагы гемотология жана онкология борборунун адистери, буга чейин эл аралык талаптарга жооп берген дарылоо ыкмаларын жана тажрыйбаларын бөлүшмөй болду.
2014-жылы жүргөн реформанын алкагында балдардын онкологиялык бөлүмү кеңейип, орундар көбөйтүлгөн. Эми жакынкы күндөрү балдар бөлүмү толугу менен “Эне жана баланы коргоо” улуттук борборунун карамагына өтүп, жаңы имаратка көчүрүлөт. Ал эми жаңы сунушталган дарылоонун ыкмаларын колдонууга Кыргызстанда толук шарт бар.
“Үмүт булагы” коомдук фонду уюшулгандан тартып эле балдардын ден соолугуна кам көрүп, өспүрүмдөр арасында көбөйүп бараткан ар кандай ооруларды алдын алууга көмөк көрсөтүп келет. Бул жолу да Россиялык дарыгерлердин Кыргызстанга келишине себепчи болуп, өлкөдөгү залалдуу шишик илдети менен күрөшүү ишин жакшыртууга көмөкчү болду.
Иш чара Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун техникалык колдоосу менен өткөрүлдү. Айта кетсек, балдар арасындагы онкологиялык ооруларга каршы күрөшүү ушуну менен эле токтоп калбайт. Россиянын онкология жана гематология изилдөө борбору менен кызматташуу жүрүп, эки өлкөнүн дарыгерлери ортосунда окутуу жана тажрыйба алмашуу уланат.