Жаңылыктар
Кыргызстандагы лидер аялдардын алгачкы Курултайы өтөт
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстандагы лидер аялдардын алгачкы Курултайы өтөт

2021-жылдын 25-августунан баштап сентябрь айынын аягына чейин Кыргызстандын тарыхында биринчи Курултайдын үч этабы Чүй, Ош жана Нарын аймактарында өтөт. Ага 300дөн ашык лидер аял катышат. 

Курултай активист аялдардын демилгеси менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасынын алдындагы Аялдардын укуктары жана гендердик зомбулуктун алдын алуу боюнча кеңешинин жана аял депутаттар форумунун колдоосу менен өтөт. Мындай иш-чараны өткөрүү өлкөдө болуп жаткан социалдык-экономикалык жана саясий өзгөрүүлөргө, ошондой эле аялдар кыймылынын коомдогу ордун жана ролунталдоону талап кылган пандемияга байланыштуу. 

Өлкө ар кандай окуяларды башынан өткөрүп, аялдардын башына келген чоң жоготууларга учурап эле тим болбостон, коомду түп-тамырынан бери өзгөртө турган саясий өз ара аракеттенүүнүн жаңы формаларына, жаңы типтеги потенциалга ээ болду. Кыргызстандык аялдар улам жаңы тармактарды өздөштүрүп, адатта эркектин жумушу деп эсептелген финансы, бизнес, илим, саясат,спорт, айыл чарбасы сыяктуу жана башка тармактарда ийгилик жаратууда. Кыргызстандын лидер аялдарынын Курултайы аялдардын прогрессивдүү жанабаа жеткис тажрыйбасын аныктоо, изилдөө жана талкуулоо үчүн көп кырдуу аянтча болот. Бул аянтча аялдардын жана кыздардын ийгиликтүү баяндарын жайылтуу мүмкүнчүлүгүнө айланат. 

Кыз-келиндердин татыктуу чоң салымын баалабай туруп, өлкөнүн саясий, социалдык жана экономикалык өнүгүүсү мүмкүн эместигин ырасташат. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын өкүлү, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрү, ошондой эле эл аралык уюмдардын өкүлдөрү чакырылган. Курултайдын жыйынтыгында гендердик теңдикке жетүү үчүн реалдуу аракеттерди көрүү жана аялдардын лидерлигин өнүктүрүү үчүн жетиштүү шарт түзүү боюнча чечим кабыл алуу, ошондой эле Резолюцияны иштеп чыгуу пландалууда.