Жаңылыктар
Кыргызстандагы балдар онкологиясынын көйгөйлөрү талкууланууда
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстандагы балдар онкологиясынын көйгөйлөрү талкууланууда

Балдар арасындагы залалдуу шишик оорулары, өлүм себептерин тизмесинде экинчи орунду ээлейт. Бирок жыл өткөн сайын дарылоонун жаңыча ыкмалары изилденип чыгып, рак ооруларын 76 пайызын дарыласа болоору аныкталган. 

Чолпон-Ата шаарында балдар онкологиясын дарылоо ыкмасын жакшыртуу боюнча иш чара өтүп, Кыргызстандагы балдар онкологиясынын көйгөйлөрү талкууланууда. Иш чарага “Үмүт булагы” коомдук фондунун директору Айгүл Жапарова да катышууда.

Иликтөөлөргө таянсак, өлкөдөгү жалпы өлүмдүн 80 пайызын жугуштуу эмес оорулардын кесепети түзөт. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун эсебинде Кыргызстанда өлүмгө алып келген коркунучтуу жугуштуу эмес оорулардын тобуна рак ооруларын киргизген.