Жаңылыктар
Аскар Мамин: ЕАЭБ ичинде соода байланыштары жакшырууда
Кыргызстан жаңылыктары
Аскар Мамин: ЕАЭБ ичинде соода байланыштары жакшырууда

Евразиялык экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрдүн соода-экономикалык мамилелеринде оң көрсөткүч байкалууда. Бул тууралуу Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин маалымат жыйында билдирди. 

“Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынынын жыйынтыгына таянып 2021-жылдын биринчи жарымында дүйнөлүк экономикада терс тенденциялар уланып жатканына карабастан ЕАЭБдин соода-экономикалык мамилелеринде оң жылыштар бар экенин белгилөөгө болот", - деди ал. 

Мамин белгилегендей, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосундагы өз ара соода жүгүртүү быйылкы жылдын биринчи кварталында 32 пайызга өсүп, болжол менен 33 миллиард долларды түздү. Ошондой эле товар жүгүртүүнүн көлөмү да 25%га өсүп, 370 миллиард долларды түздү.