Баткен облусунун Кадамжай районундагы Чункур-Кыштак айылындагы жаңы мектептин курулушунун бүткөрүлүшү 80 пайызды түзөт. Бүгүнкү күндө подряддык уюм тарабынан ички жасалгалары, тышкы келбети боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
Аталган мектеп 275 окуучуга ылайыкталып, 500 окуучудан ашык окутууну камсыз кылууга мүмкүндүк берет. Ал эми, долбоор боюнча окуу корпусу, галерея, ашкана, спорттук зал, актовый зал жана жабдылган химия, физика жана информатика класстары тургузулган. Ошондой эле, мектепте толук кандуу окуу процесси үчүн бардык зарыл болгон шарттары жана эмеректер менен жабдылат.
Белгилеп кетсек, аталган объект 2019-жылдын октябр айында башталып, сметалык наркысы 723 миң 861 АКШ долларын түзгѳн. Мектептин курулушунун аяктоосу, бекитилген графигине ылайык 2021-жылдын жаңы окуу жылына пландаштырылууда.