Бүгүн, 20-августта, Чолпон-Ата шаарында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны кеңейтилген форматта өттү.
Иш-чарага Армения Республикасынын, Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын Премьер-министрлери, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы, Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы, байкоочу катары Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри катышты. Куба Республикасынын Премьер-министри видеоконференция аркылуу катышты.
Кеңешменин жүрүшүндө интеграциялык биримдиктин алкагындагы бир катар актуалдуу маселелер каралды.