Жаңылыктар
Гаитидеги жер титирөөдөн көз жумгандардын саны 2 миң 189 адамга жетти
Кыргызстан жаңылыктары
Гаитидеги жер титирөөдөн көз жумгандардын саны 2 миң 189 адамга жетти

Гаитиде өткөн ишембиде болгон жер титирөөдөн көз жумгандардын саны 2 миң 189 адамга жетти. Өлкөнүн жарандык коргонуу агенттиги билдиргендей, табыйгат кырсыгынан 12 миң 268 киши жаракат алды. 

Бийлик, зилзаладан 60 миңден ашык үй талкаланганын жана 76 миң турак-жайлар менен имараттар жабыркаганын белгилеп, урандылардын астында издөө, куткаруу иштери уланып жатканын маалымадады. Чоң кыйроолорго жана соккуга кабылган өлкөнүн өкмөтү эл аралык жардамга муктаж экенин билдирүүдө.

АКШнын Геологиялык кызматы жер титирөөнүн күчү 7,2 баллга жеткенин жана кырсыктын эпицентри Сент-Жан-ду-Судтан 12 чакырым түндүк-чыгышта болгонун айткан. Гаити премьер-министри Ариэль Генри өлкөдө бир айлык өзгөчө кырдаал жарыялады.