Миңден ашык милиция кызматкери Чолпон-Ата шаарында өтүүчү Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кезектеги жыйынында коопсуздукту камсыздоодо. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, жыйындын катышуучуларынын жана анын меймандарынын коопсуздугун камсыз кылууга Ысык-Көл облусунун ички иштер органдарынын бардык күч-каражаттары, андан тышкары республиканын башка аймактарынан дагы кошумча күчтөр тартылган.
Жыйындын иши ийгиликтүү өтүшү үчүн, ошону менен бирге курорттук шаардын жана ага жакын калктуу конуштардын тургундарына, эс алуучуларына ыӊгайсыздыктарды жаратпоо максатында башка укук коргоо органдарынын кызматкерлери менен бирдикте бардык иш аракеттер колго алынган. 19-20-августта Чолпон-Ата шаарында Евразиялык экономикалык биримдике мүчө-мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кезектеги жыйыны өтөт.