Жаңылыктар
Жол эрежелеринин айрым түрлөрүнө салынган айып пулдун өлчөмү азайды
Кыргызстан жаңылыктары
Жол эрежелеринин айрым түрлөрүнө салынган айып пулдун өлчөмү азайды

Жол эрежелеринин айрым түрлөрүнө салынган айып пулдун 70 пайызга кыскарышы жарандарга бир топ жеңил болууда. 

4-августтан баштап белгиленген ылдамдыктан 20 чакырым сааттан ашпаса, токтоочу сызык басса, белгишам, жол белгилеринин талаптары, унаа жүрүүчү сызык белгилери, токтотуу эрежелери, каршы тилкеге чыгуу эрежелерин бузган айдоочулар 1000 сомдун ордуна 300 сом гана төлөйт. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын мониторинг борборуна бир күндө 150-200 киши кайрылып, айып пулдарынан кутулууда. 

Белгилей кетсек, 4-августта Президент Садыр Жапаров «Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамга кол койгон. Мыйзам 2021-жылдын 30-июнунда Кеңеши тарабынан кабыл алынган болчу.