Жаңылыктар
Жаңы окуу жылына карата вирустан коргонуу чараларын көрүү тапшырмасы берилди
Кыргызстан жаңылыктары
Жаңы окуу жылына карата вирустан коргонуу чараларын көрүү тапшырмасы берилди

Министрлер кабинети Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине 15-сентябрда баштала турган жаңы окуу жылына карата коронавирустан сактануу боюнча тиешелүү чараларды көрүү тапшырмасын берди. 

Маселени Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова тиешелүү мамлекеттик органдар менен өткөргөн онлайн жыйында талкуулады. Азыркы тапта бардык билим берүү мекемелеринде окуу жылына карата даярдыктар көрүлүп, мектеп, бала бакча имараттарын дезинфекциялоо иштери жүрүүдө. 

2021-2022-окуу жылына карата күз-кыш мезгилинде вирустун кезектеги толкуну болуу коркунучу болсо ага туруштук берүү жана алдын алуу аракеттери көрүлөт.