Бүгүн, Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Казакстандын ТИМ Мухтар Тлеуберди менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Баарлашуу кыргыз тараптын демилгеси менен уюштурулган. Анда министрлер кыргыз-казак мамилелеринин күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкуулап, Афганистандагы аскердик-саясий абалдын курчушун эске алуу менен эл аралык жана аймактык маселелер боюнча пикир алмашышты. Казакбаев Казакстандын жетекчилигине жана Тышкы иштер министрлигине Кыргызстандын 15 жаранын Кабул шаарынан эвакуациялоого, ошондой эле Кыргызстандын Афганистандагы элчилигине көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.
"Бул көрүнүш биздин өлкөлөр ортосундагы бир туугандык, союздаштык жана ынак коңшулук мамилелердин жогорку деңгээлинин далили катары эсептелет", — деди Казакбаев.
Тлеуберди казак тарап бул багыттагы маселелер боюнча мындан ары да жардам көрсөтүүгө даяр экендигин белгиледи. Тараптар кырдаал курчуп кеткен учурда тез арада жооп берүү жана шашылыш маселелерди чечүү максатында Афганистандагы абал боюнча өзүлөрүнүн чет өлкөдөгү мекемелери жана Тышкы иштер министрликтери аркылуу, анын ичинде Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун алкагындагы өнөктөш өлкөлөр жана башка регионалдык уюмдар менен мындан аркы аракеттерди координациялоону макулдашышты.
Мындан сырткары, Нур-Султан шаарында боло турган Борбор Азияда Өзөктүк куралдан эркин аймак жөнүндө келишимге катышкан мамлекеттердин Тышкы иштер министрлигинин башчыларынын жолугушуусуна катышууга даярдыктар талкууланган. Айта кетсек, кечээ Кабулдан Кыргызстандын 9 жараны эвакуацияланган. Жалпысы 23 кыргызстандык мекенине аман эсен алып келинди.