Жаңылыктар
“Ак-Ордо” конушунда жаңы мектеп жана бала бакча курулууда
Кыргызстан жаңылыктары
“Ак-Ордо” конушунда жаңы мектеп жана бала бакча курулууда

Борбордун Ленин районуна караштуу "Ак-Ордо" конушуна жаңы мектеп жана бала бакчанын курулушу башталды. Бүгүн эки социалдык объектинин имаратынын пайдубалына капсула салынды. 750 орундуу мектеп спорт залы менен салынат. Билим берүү мекемесине каражат республикалык бюджеттен каралган, сметалык баасы 154 миллион сом. Ал эми бала бакча 280 орундуу. Сметалык баасы 96 миллион сомдун тегереги. Социалдык объектилер 2023-жылдын жаңы окуу жылына чейин бүткөрүлөт.

“Ак-Ордо” конушунун тургундары үчүн бүгүн жакшы жаңылык. Конуштун тургундары жаңы мектептин салынышын көптөн бери күткөн. Себеби конушта жалгыз эле мектеп болгондуктан, балдарга орун жетишпей. Анын айынан балдар шаардагы башка мектептерге барып билим алат. Азыр билим берүү уясынын пайдубалы түптөлдү. Бишкек шаарынын убактылуу мэри имараттын пайдубалына жакшы тилектерди айтып капсула салды. 

Жаңы курулуп жаткан социалдык объектинин имараты Тагай-Бий жана Садыр-Аке көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан. Мектеп үч кабаттуу болот. Биринчи кабатында спорт зал, башталгыч класстын окуучулары үчүн класстык бөлмөлөр, актовый зал болсо, экинчи кабатында предметтик класстар орун алат, ал эми үчүнчү кабатында лаборатория, музыкалык жана ар кандай ийримдер үчүн бөлмөлөр болот. 

Мектеп менен катар "Ак-Ордо" конушундагы Садыр-Аке жана Каркыра көчөлөрүнүн кесилишине 280 орундуу бала бакча курулууда. 

“Ак-Ордо” конушунун калкынын 16 миңден ашык. 2019-2020-окуу жылында ишке берилген №96 мектепте 780 бала билим алууда. Тургундардын саны көп болгондуктан бир мектеп жетишсиз. Жаңы социалдык объектилердин курулушу 2023-жылдын жаңы окуу жылына чейин бүткөрүлөт.

Быйыл борбордогу жаны конуштарга жалпы үч мектеп, беш бала бакча салынууда. Ошондой эле дагы эки мектептин курулушуна тендер жарыяланды.