Президенттин жарлыгына ылайык, ID-карталарды акысыз берүү боюнча улуттук компания иш алып барат. Жарандардын аялуу катмарынын 5 категориясына карата жеңилдиктер киргизилген. Азыркы тапта паспорт алууга 179 арыз кабыл алынып, муктаж болгон жарандарга документтер акысыз берилди.
Документти акысыз берүү 1-майда башталган. Тиешелүү министрликтер талап кылынган категориядагы 2 миң 842 жарандын тизмесин аныктады. Ага ылайык тизмеге кирген миңге жакын жаран документ алууга жетишти.
Жарлыктын алкагында этникалык кыргыздарга жалпы жарандандык паспорт алуу шарттары да жеңилдеди. Азыркы тапта Ош, Жалал-Абад жана Чүй облустарында Тажикстандан, Өзбекстандан, Казакстандан жана Ооганстандан келип отурукташкан 12 миңден ашык этникалык кыргыз бар. Алар өлкөдө 25 жылдан бери жашагандыктан балдары 18 жаштан өтүп, паспорт алууга жашы жетти.
Санариптик өнүктүрүү министрлиги жогоруда аталган категориядагы бардык жарандарды мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, ID-картаны акысыз алууга чакырат. Бекер документ берүү демилгеси 31–августка чейин уланат.