Жаңылыктар
БШК паспорттогу даректи тактоого чакырат
Кыргызстан жаңылыктары
БШК паспорттогу даректи тактоого чакырат

Алдыдагы шайлоо өнөктүгүнө карата шайлоочулар паспортто көргөзүлгөн дарек боюнча тактоолорду жүргүзүшү керек. Мындай кайрылууну Борбордук шайлоо комиссиясы таратты. Кыргызстанда шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, форма 2 колдонулбайт. Андыктан шайлоочунун жашаган жери менен каттоого турган жери бири-бирине дал келиши керек.

Айдоочу Кубанычбек Имаков көп жылдан бери Бишкекте жашайт. Бирок шаарда туруктуу каттоого турган эмес, катталган жери алыскы Ат-Башы районунда. Буга чейинки шайлоолордо форма 2 аркылуу добуш берип келген. Эми өзгөртүлүп-толукталган жаңы мыйзамга ылайык эски паспортун алмаштырып, жашаган жерине каттоого турууга белсенүүдө.

БШК тараткан билдирүүгө ылайык, мурда форма 2 менен каалаган жеринен добуш берүү мүмкүнчүлүгү жоюлду. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого даярдыктын алкагында шайлоочулар паспортундагы дарегин бир сыйра тактап алуусу зарыл. Бул үчүн шайлоо тилкелериндеги тизмеден өзүлөрүн тактап, эгер зарыл болсо дарегин тууралашы керек. Бул үчүн каттоо бекеттерине кайрылуу талап кылынат.

Кыргызстанда 18 жаштан жогору курактагы, биометрикалык каттоодон өткөн жана жергиликтүү жамааттын мүчөсү болгон адам гана добуш бере алат. Ал эми жергиликтүү тургун деп таанылышы үчүн анын паспортундагы дареги чыныгы жашаган жери менен дал келүүсү шарт. Мындай талап шайлоо өнөктүгү маалында мыйзам бузууларга жол бербөө жана таза шайлоо өткөрүү максатын көздөйт.

Кыргызстанда шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, келерки парламенттик шайлоодо 36 депутат бир мандаттуу шайлоо округдарында мажоритардык система менен, ал эми 54 депутат бирдиктүү шайлоо округундагы ачык тизме боюнча пропорционалдык система менен шайланат.