Жаңылыктар
Кыргыз-Өзбек өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө макулдашуу ратификацияланды
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргыз-Өзбек өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө макулдашуу ратификацияланды

Кыргыз-Өзбек өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө макулдашуу ратификацияланды. Бул тууралуу мыйзамга Президент Садыр Жапаров кол койду. Аталган фонддун уставдык капиталы 50 млн. доллар болот. Ал каражат Өзбекстан тарабынан салынат. Кийинчерээк баштапкы капиталы 200 млн. долларга жеткирилген эл аралык уюм болот. Фондду түзүү боюнча макулдашуу Мамлекет башчынын март айындагы Өзбекстанга болгон мамлекеттик сапары учурунда жетишилген.

Кыргызстан менен Өзбекстандын бизнес коомчулугуна чоң мүмкүнчүлүк пайда болду. Президент Садыр Жапаровдун март айындагы Өзбекстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында бизнес-форум өткөрүлүп, ишкерлерге кызматташуу үчүн жаңы багыттар ачылган. 127,6 миллион долларлык бир катар инвестициялык жана соода келишимдерге кол коюлган.

Кыргызстан менен Өзбекстан 900 миллион долларды түзгөн соода жүгүртүүнү 2 млрд. долларга жеткирүүнү пландашкан. Бүгүнкү күндө Өзбекстанда кыргыз капиталын пайдаланган 168 ишкана бар. Ал эми, Кыргызстанда Өзбекстандын 51 ишканасы өз ишмердигин жүргүзүп келет. 

Кыргыз-өзбек бизнес-форумунда ишкерлер экономиканын бардык артыкчылыктуу тармактарындагы өз ара пайдалуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашкан. Эми анын жыйынтыгында макулдашылып, жаңы түзүлүп жаткан Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фонду экономикага чоң жардам берет. Аталган фонддун алкагында тараптар агроөнөр жай комплекси, тигүү, текстиль өнөр жайы, кайра иштетүү өнөр жайы, тоо-кен, металлургиялык өнөр жай, транспорт, турак жай куруу, соода, бизнести өнүктүрүү, энергетикалык комплекс, туризм боюнча кызматташса болот. 

Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзамга Садыр Жапаров кол койду. Ага ылайык фонд приоритеттүү тармактарда өзүн өзү актаган долбоорлорду зайым берүү, капиталына катышуу менен Кыргызстандын аймагында катталып, ишмердүүлүгүн жүргүзгөн чарба субьектилерин каржылайт.

Кыргызстан менен Өзбекстан биргелешкен фонд аркылуу экономикалык кызматташтыкты жаңы баскычка алып чыгууну пландап жатат. Ошондой эле эки тараптуу карым-катнаштын мүмкүнчүлүктөрүн натыйжалуу пайдалануу пландалууда.