Жаңылыктар
Балыкчыдагы темир жол бекетинде «Коопсуз поезд» аталган түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү
Кыргызстан жаңылыктары
Балыкчыдагы темир жол бекетинде «Коопсуз поезд» аталган түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Балыкчыда милиция темир жол бекетинде «Коопсуз поезд» аталышында профилактикалык иш-чара өткөрдү. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери кичинекей жүргүнчүлөргө жана аларды коштоп жүрүгөн чоң адамдарга темир жол транспорту менен жүрүү учурунда эмнеге негизги көңүлдү буруу керектигин кеңири түшүндүрүп беришти. 

"Укук коргоочулар тарабынан айтылган маалыматтар жеке эле балдарды эмес, алардын мыйзамдуу өкүлдөрүн да кызыктырды. Ата-энелер, чоң ата жана чоң апалар, кичинекей бөбөктөр милиция кызматкерлерин жаш наристелердин коопсуздугуна өзгөчө маани менен кам көргөндүгү үчүн өздөрүнүн ыраазычылыктарын билдиришти", - деп айтылат маалыматта.