Борбордогу “Ак-Ордо” конушуна жаңы мектеп жана бала бакча курула баштады. Бүгүн эки социалдык объектинин имаратына капсула салынды.
Курулуп жаткан билим берүү мекемеси 750 орундуу. Мектепке каражат республикалык бюджеттен каралган, сметалык баасы 154 миллион сом. Ал эми бала-бакча 280 балага ылайыкталган. Сметалык баасы болсо 96 миллион сомдун тегереги. Бул билим берүү уясы эки кабаттуу болуп курулут жана ал баш калаадагы эң чоң бала-бакча болмокчу. “Ак-Ордо” конушунда 2019-2020-окуу жылында ишке берилген №96 мектепте 780 бала билим алат.
Бирок бул конушта 16 миңден ашык тургун жашагандыктан, мектепте орундуктар жетишсиз. Балдар шаардагы башка мектептерден билим алууга аргасыз. Ал эми жаңы курулуп баштаган социалдык объектилер 2023-жылдын жаңы окуу жылына чейин бүткөрүлөт.