Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тайгандарды багуунун эрежелерин иштеп чыкты.
"Тайган тукумундагы иттерди Кыргызстандын аймагында багуунун эрежелерин жана тайган тукумунун стандартын бекитүү жөнүндө" Министрлер Кабинетинин токтом долбоору коомдук талкууга коюлду. Документтин максаты тайганды кыргыз элинин улуттук кенчи жана өлкөнүн биологиялык көп түрдүүлүгүнүн элементи катары сактоо. Токтомго ылайык тайгандар бирдиктүү электрондук маалымат базасына киргизилет. Тайгандын тукумун аныктай турган документ "Кыргыз тайганы клубу" коомдук бирикмеси тарабынан берилет.