Жаңылыктар
Кыргызстанда COVID-19дун "альфа" жана "бета" түрлөрү аныкталды
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанда COVID-19дун "альфа" жана "бета" түрлөрү аныкталды

Кыргызстанда COVID-19дун "альфа" жана "бета" түрлөрү аныкталды. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Кыргызстандагы кеңсесинин жетекчиси Назира Артыкова брифинг учурунда билдирди. 

Айтымында, ушул жылдын апрель айында Кыргызстанда альфа вариантынын штаммы табылган, ал эми июнда бета варианты табылып, чоң тынчсызданууну жаратууда. 

“Бүгүнкү күнгө карата 849 миң 576 адам эмдөөдөн өтүп, алардын 8,8 пайызы вакцинанын биринчи дозасын, 3,9 пайызы экинчи дозасын алды. Ошол эле учурда эмдөөнүн ыргагы мурунку жумага салыштырмалуу 40,9 пайызга төмөндөп, чоң өкүнүчтү жаратууда. ДССУнун максаты - сентябрга чейин ар бир өлкөнүн калкынын 10 пайыздан кем эмес, жылдын аягына чейин 40 пайыздан кем эмес, эмдиги жылдын ортосуна чейин дүйнө жүзүнүн 70 пайызы эмдөөдөн өткөрүү”, - дейт ал. 

Артыкова кошумчалагандай, үстүбүздөгү жылдын август айына карата дүйнөдө 206 миллиондон ашык коронавирустун учуру катталган, анын ичинде 4 миллион 530 миңден ашуун адам өлүмгө учураган.