Жаңылыктар
Кыргыз-өзбек өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө макулдашуу ратификацияланды
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргыз-өзбек өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө макулдашуу ратификацияланды

Кыргыз-өзбек өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө макулдашуу ратификацияланды. Президент Садыр Жапаров «11-мартта Ташкент шаарында кол коюлган Кыргызстандын Өкмөтү менен Өзбекстандын Өкмөтүнүн ортосундагы Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзамга кол койду.

 Мыйзамдын негизги максаты Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө Кыргызстан Өкмөтү менен Өзбекстан Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууну ратификациялоо боюнча мамлекет ичиндеги процедураларды өткөрүү болуп саналат. Фонд Кыргызстандын экономикасынын приоритеттүү тармактарында өзүн өзү актаган долбоорлорду зайым берүү, капиталына катышуу жана башка финансы инструменттерин пайдалануу менен Кыргызстандын аймагында катталып жана ишмердүүлүгүн жүргүзгөн чарба субьектилерине каржылоо жүргүзөт. 

Буга байланыштуу, Кыргызстан менен Өзбекстандын экономикалык кызматташтыгы, экономиканы модернизациялоо жана өнүктүрүү, эки тараптуу кызматташтыктын мүмкүнчүлүктөрүн натыйжалуу пайдалануу пландалууда. Фонддун уставдык капиталы 50 млн АКШ доллары менен болуп, ал Өзбекстан тарабынан салынып, кийинчерээк уставдык капиталы 200 млн АКШ долларына чейин жеткирилген эл аралык уюм болот.