Жаңылыктар
"Кумтөр" кенинде жумушчуларга түзүлгөн шарттар жакшырууда
Кыргызстан жаңылыктары
"Кумтөр" кенинде жумушчуларга түзүлгөн шарттар жакшырууда

"Кумтөр" кенинде иштеген жумушчулардын шарты жакшырууда. Себеби деңиз деңгээлинен 4 миң метр бийиктикте, оор климаттык шартта кенде иштөө татаал. Мындайда жумушчуларга ылайыктуу шарт түзүү жана саламаттыгына кам көрүү зарыл. "Кумтөргө" убактылуу тышкы башкаруунун киргизилиши менен кенде жатып, иштеген жумушчуларга түзүлгөн шарттар жакшы жагына өзгөрүүдө.

“Кумтөр” кени деңиз деңгээлинен 4 миң метр бийиктикте, климаттык шарты өтө катаал аймакта жайгашкан. Анда кызматкерлер эки апталык вахта тартиби менен иштейт. Башкача айтканда кендеги жумушчулар лагери алардын экинчи үйү болуп калган. “Иштен кийин жумушчулар өз үйүндөгүдөй ыңгайлуу шартта эс алышы керек”- дейт Теңиз Бөлтүрүк.