Кыргызстандагы ак илбирсти коргоого жана сактоого арналган кезектеги эл аралык жарым марафонго даярдык башталды. Жарыш 26-сентябрда Бишкектин көчөлөрүндө өтөт, жалпысынан 70 байге даярдалууда.
Былтыр өткөн алгачкы марафондон түшкөн акчага жаныбарлардын жашоосуна байкоо жүргүзүп туруу үчүн 32 фото жабдык сатылып алынган. Иш-чаранын максаты - адамдарды чуркоого, дени сак жашоого чакыруу. Экинчи жагы марафондон түшкөн акчага бул жолу ак илбирсти коргогон “Ысык-Көл” биосфералык территориясынын дирекциясы үчүн эки “Нива” автомашинасын сатып берүү. Жарышка катышууну каалагандар өзүнө 21, 14, 5 жана 1 чакырымдык дистанциянын арасынан каалаганын тандап алса болот. 100, 200 жана 500 метрлик аралыктагы жарышка 3-10 жаштагы балдар да катыша алат.
Расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда болжол менен аска-тоолорду мекендеген 330дай ак илбирс бар. Жаратылышка зулумдук кылып, ага зыян тийгизгендерге 1,5 миллион сомдук айып пул каралган.