Жаңылыктар
ЕАЭБке мүчө мамлекеттердин Өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт
Кыргызстан жаңылыктары
ЕАЭБке мүчө мамлекеттердин Өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт

19-20-августта Чолпон-Атада Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө мамлекеттердин Өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт. 

Ага Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Беларустун премьер-министри Роман Головченко, Казакстандын өкмөт башчысы Аскар Мамин, Россиянын өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин, Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов жана Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович катышат. Байкоочу өлкөлөрдөн Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов келет. Ал эми Кубанын өкмөт башчысы Мануэль Марреро видео конференция форматында жыйынга байкоо салат.

ЕАЭБке мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары уюмдун ичиндеги өз ара жана тышкы соода алакаларын, камсыздандыруу, бажы алымдары жана башка экономикалык маселелерди карашат. Ысык-Көл облусунда өтүүчү маанилүү мамлекеттик деңгээлдеги иш-чарага байланыштуу бул күндөрү жолдор маал-маалы менен жабылып тураарын Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы кабарлады. Жолдор Тамчы айылынан Бостери айылына чейинки, андан сырткары Чолпон-Ата шаарында жабылат.