Жаңылыктар
Кыргызстанда уйдун эти кайрадан кымбаттоодо
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанда уйдун эти кайрадан кымбаттоодо

Кыргызстанда уйдун эти кайрадан кымбаттоодо. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттик билдирди. 

Мекеменин маалыматына караганда, эттин наркынын өскөнүнө малды сыртка чыгарууга салынган тыюунун мөөнөтү аяктаганына байланыштуу болууда. Март айында 430 сомдун тегерегинде сатылган уй этинин бир килограммынын баасы азыр 490 сомдун тегерегинде болууда. 

Ал эми койдун эти бир аз арзандаганы байкалууда. Өкмөт сатыкка мал баккан фермерлерге 8-июлдан тартып экспортко кайрадан уруксат берген. Былтыр күзүндө Кыргызстанда эт 550 сомго чейин кымбаттап кетип, өкмөт айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн, анын ичинде мал-жандыкты Евразия экономикалык биримдигинин бажы аймагынын чегинен тышкары экспорттоого убактылуу тыюу салган.