Жаңылыктар
БШК жарандарга паспорттогу даректерди текшерүүгө чакырат
Кыргызстан жаңылыктары
БШК жарандарга паспорттогу даректерди текшерүүгө чакырат

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого даярдыктын алкагында шайлоочуларга кайрылып, паспортундагы дарегин бир сыйра тактап коюуга чакырды.

Мекеме белгилегендей, 18 жаштан жогору курактагы, биометрикалык каттоодон өткөн жана жергиликтүү жамааттын мүчөсү болгон адам гана добуш бере алат. Жергиликтүү тургун деп таанылышы үчүн анын паспортундагы дареги чыныгы жашаган жери менен дал келиши керек. Ошондуктан шайлоочулар өзүлөрүн тизмеден тактап, эгер зарыл болсо дарегин тууралашы зарыл. 

Бул үчүн каттоо борборуна кайрылуу талап кылынат. Кыргызстанда шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, келерки парламенттик шайлоодо 36 депутат бир мандаттуу шайлоо округдарында мажоритардык система менен, ал эми 54 депутат бирдиктүү шайлоо округундагы ачык тизме боюнча пропорционалдык система менен шайланат. Шайлоонун мөөнөтү аныктала элек.