Жаңылыктар
Бүгүн Бишкек шаарынын мэрлигине талапкерлерди каттоо аяктайт
Кыргызстан жаңылыктары
Бүгүн Бишкек шаарынын мэрлигине талапкерлерди каттоо аяктайт

Бишкек шаарынын мэрлигине алгачкы жана азырынча жалгыз талапкердин документтери тапшырылды. Борбордук шайлоо комиссиясы билдиргендей, Министрлер кабинети менен шаардык кеңештеги көпчүлүк коалициянын атынан мэрлик кызматка талапкер катары каттоо үчүн азыр шаар башчысынын милдетин аткарып жаткан Айбек Жунушалиевдин документтери келип түштү.

10-августта башталган документтерди кабыл алуу жараяны бүгүн, 18-августта кечки саат алтыда жыйынтыкталат. Талапкер тууралуу арызга аны көрсөтүү жөнүндө чечим, жогорку билими, соттолбогону, кыргыз тилин билгендиги жөнүндө расмий документтер тиркелиши керек.

Бишкек шаардык кеңешинде мэрди шайлоо 26-августта өтөт. Ушул эле күнү Ош жана Токмок шаарларында да мэрлерди шайлоо болот. Бул үч шаарда жергиликтүү кеңештердин жаңы курамы 11-июлда шайланган. Өткөн жылдын октябрь айындагы өлкөдөгү бийлик алмашуудан бери, соңку он ай ичинде, Бишкекте сегиз адам мэрдин милдетин аткаруучу болду. Алардын айрымдары бул кызматта бир сутка да иштеген жок. 45 жаштагы Жунушалиев буга чейин Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары болуп иштеп жаткан. Борбор калаага жетекчинин милдетин аткаруучу болуп Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповдун буйругу менен 12-августта дайындалган.