Балыкчы-Барскоон жолун оңдоо жумуштары кызуу жүрүүдө. Жол салуу жумуштары башталганына жыйырма күнгө жакындап калса да жолчулар көлөмдүү жумушту аткарып жетишти.
Учурда асфальт төшөөгө чейинки иштер жасалууда. Бул жолду ата мекендик жол куру ишканасы ишке ашырууда. Балыкчы-Барскоон жолун оңдоо иши Президенттин жеке көзөмөлүндө.