Жаңылыктар
Жалал-Абадда 15 көп кабаттуу үй жылытуу тутумуна туташтырылууда
Кыргызстан жаңылыктары
Жалал-Абадда 15 көп кабаттуу үй жылытуу тутумуна туташтырылууда

Кышкысын электр энергиясы менен жылытылып келген Жалал-Абад шаарындагы көп кабаттуу үйлөр четинен борбордук жылытуу тутумуна туташтырылууда. Быйыл 15 көп кабаттуу үйдү кошуу пландалган. Азыркы тапта жылуулук тутумуна кошуу иштери жүрүп жатат. Электр жылыткычын пайдаланып келген шаар тургундары, эми кышкысын коопсуз жана үзгүлтүксүз жылуулук менен камсыз болушат. 

Жыргал Сагындыкова жашаган көп кабатуу үйдө борбордук жылытуу тутуму көп жылдан бери иштебейт. Андыктан жашоочулар кышкысын электр энергиясын пайдаланат. Жыргал айым да буга чейин башкалар сыяктуу эле эки бөлмөлүү батирин электр жылыткыч менен жылытып келген. Быйыл эми борбордук жылытуу тутумуна кошулуп, коопсуз жана үзгүлтүксүз жылуулук менен камсыз болуу мүмкүнчүлүгү түзүлүп турат.