Нью-Йорк соту “Кумтөрдү” банкрот деп табуу боюнча "Центерранын" өтүнүчүн карайт. Буга чейин сот канадалык компаниянын арызын кароодон баш тартып, соттук отурум 17-августка жылдырылган. Эколог, активисттердин Нью-Йорк сотунан адилеттүү чечимди талап кылган тынчтык митинги бүгүн да уланды.
Центтера өзүнүн курамында иштеп келген “Кумтөр голд компани” ишканасын банкрот деп табууну өтүнүп, май айында Нью-Йорк сотуна кайрылган. Канадалык компаниянын билдирүүлөрүнө ишенген өнөктөш ишканалардын айрымдары “Кумтөргө” керектүү жабдууларды, товарларды жеткирүүнү токтоткон. Бирок кендин тышкы башкаруучусу сүйлөшүү жүргүзүп, кызматташуу калыбына келтирилген.
Эми банкрот деп табуу маселеси сотто каралганы турат. Буга чейин Центерранын бул өтүнүчү каралган эмес. Кыргызстандыктар Нью-Йорктогу соттон адилеттүү чечим күтүп жатат. Экологдор менен активисттер АКШ элчилигинин алдына чогулушту.