Жаңылыктар
Ооганстандан Кыргызстандын 9 жараны эвакуация болду
Кыргызстан жаңылыктары
Ооганстандан Кыргызстандын 9 жараны эвакуация болду

Тышкы иштер министрлиги билдиргендей Ооганстандагы коомдук жана саясий туруксуз кырдаалга байланыштуу Кыргызстандын жарандарын эвакуациялоо боюнча иштер ыкчам колго алынды. Министрлик жана элчиликтин жардамы менен өлкөнүн 9 жараны мекенине эвакуация болду. 

Калган бардык жарандар коопсуз жайда турат, азыркы учурда аларды Кыргызстандын Кабулдагы элчилигинин имаратына жайгаштыруу боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө. Кыргызстанга виза алуу жана эвакуациялык жардам сурап кайрылгандарды этникалык кыргыздар деп эсептөө боюнча маалымат текшерилүүдө», - деп айтылат ТИМдин маалыматында.