Жаңылыктар
КУУнун ботаникалык бакчасында айыл чарба боюнча Корея программасынын борбору ачылды
Кыргызстан жаңылыктары
КУУнун ботаникалык бакчасында айыл чарба боюнча Корея программасынын борбору ачылды

Жусуп Баласагын атындагы кыргыз Улуттук университетинин ботаникалык бакчасында эл аралык айыл чарба боюнча Корея программасынын борбору ачылды. Мында жашылча жана мөмө жемиштер тамчылатып сыгаруу системасы менен өстүрүлөт.Бул “айыл чарба демонстрациялык талаасы" долбоорунун алкагында ишке ашырылды. 

Ошондой эле Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин ортосундагы келишимге ылайык, айыл чарба илими жана технологиясы боюнча меморандумдун алкагында иштейт. Борбор өлкөдөгү айыл чарба тармагынын өкүлдөрүн теориялык жана прктикалык билимин арттыруу, чакан дыйкан чарбалардын түшүмдүүлүгүн жогорулатуу жана кооперативдик чарбаларды жандандыруу максатын көздөйт. Тагыраагы заманбап технологиялардын жардамы менен Кыргызстандын айыл чарбасын өнүктүрүү аянтчасы түзүлдү.