Жаңылыктар
УКМК: Шамалды-Сайда аскер кызматкери өзүн-өзү төшкө аткан
Кыргызстан жаңылыктары
УКМК: Шамалды-Сайда аскер кызматкери өзүн-өзү төшкө аткан

Жалал-Абад облусуна караштуу Шамалды-Сай шаарында № 2027 аскер бөлүгүнүн ыкчам кызматынын жоокери нөөмөттө турган кезде өзүн-өзү төшкө аткан. Бул тууралуу УКМК кабарлады. 

Учурда ал Ноокен райондук ооруканасында дарыланып жатат. "Ок жоокердин сол тарабына тийген. Анын абалы канааттандырарлык деп бааланууда. Жанында энеси карап жатат", — деп айтылат маалыматта. Учурда окуя боюнча териштирүү жүрүп жатат. 

Ушул жылы армияга чакырылган жоокер кызмат өтөгүсү келбегендиктен аскер бөлүктөгү психологдун тыкыр көзөмөлүндө болуп келген. Алдын-ала болжолдуу маалымат боюнча жоокер армиядан кетүү максатында ушундай кадамга барган.