Жаңылыктар
Кумтөрдөгү өндүрүштү модернизациялоо боюнча ири иштер жасалууда
Кыргызстан жаңылыктары
Кумтөрдөгү өндүрүштү модернизациялоо боюнча ири иштер жасалууда

Кумтөргө тышкы башкаруу киргизилгенден бери өндүрүштү модернизациялоо боюнча ири иштер жасалууда. Бул аракеттер Кумтөр кенин алдыңкы, заманбап, эң башкысы адамдар менен айлана-чөйрөгө коопсуз өндүрүшкө айлантуу максатын көздөйт.

«Кумтөр Голд Компаниге» тышкы башкаруу киргизилгенден бери өндүрүштү модернизациялоо боюнча көлөмдүү иштер башталды. Дүйнөдөгү 13 мамлекетте 18 тоо-кен долбоорун ийгиликтүү ишке ашырган Теңиз Бөлтүрүк 33 жылдан бери дал ушул тармакта эмгектенип келет. Ал өзүнүн инновациялык билимин жана тажрыйбасын туулуп өскөн Кыргызстандын өнүгүүсүнө жумшап, Кумтөр кенин алдыңкы, заманбап, эң башкысы адамдар менен айлана-чөйрөгө коопсуз өндүрүшкө айлантуу максатын койду. «Кумтөр Голд Компанинин» жетекчилигиндеги аз убакыт ичинде бир катар олуттуу өзгөрүүлөргө чечкиндүү кадам ташталды. Мисалы, мурунку жетекчилердин оюна да келбеген кычкылданган кендерди иштетүү боюнча долбоорду ишке берүү аракети башталды.

Кенди иштетүүнүн жаңы стратегиясы боюнча, жер алдынан алтын казуу ыкмасы каралган. Мындай ыкма кендин ишин дагы көпкө улантуунун жана анын аймагындагы уникалдуу мөңгүлөрдү сактап калуунун жападан жалгызжолу - дейтТеңиз Бөлтүрүк.

Дагы бир маанилүү долбоор - калдык сактоочу жайды кайра иштетүүгө багытталган. Заманбап технологиялардын жардамы менен бүгүнкү күндө иштетилген кенден алтын алса болот. Эң негизгиси, калдык сактоочу жай андан ары жаратылышка жана элге коркунуч туудурбай калат.

Убактылуу тышкы башкаруучунун, кендеги күжүрмөн жумушчулардын жана компаниянын бардык бөлүмдөрүнүн иши - элдин жана мамлекеттин жыргалчылыгын арттырууга багытталган. «КумтөрГолдКомпанинин» ишмердүүлүгүтолугуменен Кыргызстандын мыйзамдарына жана Конституциясына ылайыкжүргүзүлөт.