Мэрияда Түркияда чыгарылган көп орундуу автобустарды жеткирүү боюнча меморандумга кол коюлду. Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, меморандумга мэриянын шаардык транспорт башкармалыгы менен «Грин Бас» ЖЧКсы кол коюшту. Жалпысынан 2021-2022-жылдары Бишкекке 300-350 автобус жеткирүү пландалууда.
10-12 метрлик экологиялык жактан ыңгайлуу автобустардын биринчи партиясы ноябрдын аягына чейин борборго жеткирилет. Транспорт эл аралык стандарттарга жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жүргүнчүлөрдүн жүрүүсүнө, бардык талаптарга толук жооп берет.