Бишкек шаарынын Киркомстром районунда ижарага берилген муниципалдык жер жеке тарап менен жашоочулар ортосунда талашка түштү. Ижарачы мамлекеттен 2 жарым гектардан ашык аянтты жашылдандыруу келишими менен алып, жыйынтыгында бир дагы бак отургузган эмес. Буга нааразы болгон көпчүлүк мэриядан жерди элге өткөрүп беришин суранып, сейил бакты өзүлөрү куруп, жашылдандырып-көрктөндүрүүгө даяр экенин билдирген.
Калк жыш отурукташкан Киркомстром районунда ушул күнгө чейин сейил бак жок. Ата-энелер балдары унаа каттаган жолдун боюнда көчө таптап, чаң болуп топтошуп алып ойной турганын айтат. Жашоочулар сейил бактын жоктугу ыңгайсыздык жаратаарын белгиледи.
Талашка түшкөн 2 гектар 70 сотых аянт 2005-жылы мэриянын токтому менен Токторбек Шүкүрбеков атуу жаранга көрктөндүрүү шарты менен 49 жылга ижарага берилген. Ал 2007-жылы алып-сатуу жолу аркылуу Ринат Субанов деген жаранга сатып жиберген. Колдон-колго өткөн жер азыркы күндө какырап бош жатат. Жашоочулар муниципалдык жердин аймагынан 14 тилке сатылып турак-жай курулуп кеткенин да билдиришти. Улам кичирейген 2 жарым гектар тилкени жашоочулар өткөрүп берүүнү өтүнүп шаар бийлигине бир нече ирет кайрылган. Элдин максаты балдар үчүн шарт түзүү.
Бул иш боюнча жергиликтүү бийлик органында комиссия түзүлгөн. Жергиилктүү бийлик өкүлдөрү июль айынын башында муниципалдык жер үчүнчү колго ижарага өтүп кеткенин жана жашылдандыруу эмес кампа курула турганы көрсөтүлгөнүн билдирди.
Ленин райондук администрациясы талашка түшкөн жер маселесине жер ресурстары боюнча башкармалык чекит коёрун билдирди. Жашылданат деген жер куурап жатканынан күмөн санаган жергиликтүү тургундар ижарачыга ишенбей, сейил бак куруу демилгесин колго алышкан.