Мектептерде мыйзамсыз каражат чогултууга жол берилбеши керек. Мындай пикирин Президент Садыр Жапаров билдирди. Буга чейин Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан ата-энелердин жылдык салымын аныктап, аны мектептердин материалдык-техникалык базасын колдоого пайдаланса жаман болбой турганы айтылган эле. Мекеменин бул демилгеси коррупцияга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик саясатка каршы келет. Мындан улам ата-энелерден акча чогултулбайт.
Наталья Шипичеванын баласы борбордогу мектептердин биринде билим алат. Уулу жазында 11-классты аяктайт. Ал Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан ата-энелерден акча чогултуу боюнча демилгесинен кабардар. Бирок башка ата-энелер сыяктуу эле милдеттүү түрдө акча жыйноого каршы.
Бүгүнкү күндө мектептерде ата-энелер фонду бар. Андагы каражат билим уядагы муктаждыктарга жумшалып келет.
Билим берүү жана илим министрлигинин ата-энелердин жылдык салымын аныктап, аны мектептердин материалдык-техникалык базасын колдоого пайдалануу боюнча демилгеси ишке ашкан жок. Президент Садыр Жапаров буга караманча каршы. Бул сунуш мамлекеттик саясаттын коррупцияга каршы күрөшүү жаатындагы негизги багыттарына каршы келет. Буга окшогон кошумча төлөм төлөө механизми билим берүү тутумун жакшыртууга эч кандай реалдуу пайда алып келбейт. Тескерисинче, окуучулардын ата-энелерине жүктөлгөн оор жүк болуп калат. Мындан улам министрлик азыр ата-энелердин мектепке акчалай жардамынын укуктук механизмин иштеп чыгуу боюнча жумуш тобун түзүүдө.
Кыргызстандын Конституциясында жарандарга акысыз билим берүү кепилденген. Мамлекет башчы жалпы билим берүү уюмдарында мыйзамсыз акча жыйноолордун эч бирине жол берилбестигин бир нече ирет белгилеп өткөн. Билдирүүдө көрсөтүлгөндөй, мектептин өкүлдөрү тарабынан бул сыяктуу аракеттер дароо жарыланып турушу зарыл. Ошол эле учурда адистер ата-энелердин кыжырын кайнаткан акча чогултууну жоюунун 2 жолун сунушташууда.
Биринчи кезекте сапаттуу билим берүү милдети турушу керек дейт-адистер. Пандемияга байланыштуу билим берүү онлайн режимге өткөрүлгөн. Быйыл окуулар кадимки ыргакта жүргүзүлөт. Буга байланыштуу учурда мектептерде окуучуларды кабыл алууга даярдыктар көрүлүүдө.
Бул бардык билим берүү мекемелерине тиешелүү чечим. Тагыраагы мамлекеттик, жеке менчик мектептерде, кесиптик лицей, жогорку окуу жайлардын баарында жаңы окуу жылы 15-сентябрда башталат.