Жаңылыктар
Турак-жайларды мыйзамдаштыруу
Кыргызстан жаңылыктары
Турак-жайларды мыйзамдаштыруу

Президент "жер тилкелерин которуу жөнүндө" кол койгон мыйзамга ылайык, бир жарым миң гектар жердин документи чечилет. Жыйынтыгында миңдеген адамдын турак-жайына паспорт алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Трансформация боло турган аянттын көбү Бишкек шаарынын чет-жакасындагы Чүй облусунун жерлери. 

Бишкектин күн чыгыш тарабындагы Лебединовка айылына караштуу 145 гектар айдоо талаанын ордуна Өскөн-Ордо конушу түптөлгөнүнө 15 жылдан ашты. Саламат Акбаталиева 7 жыл мурда тааныш-билиши аркылуу 4 сотых жер сатып алып там салууга киришкен. Учурда үйүнүн курулушу аяктап бала-чака, неберелери менен отурукташып жашап жатат. Салабат апа үйдүн документи жок көп кыйынчылыктарды башынан кечиргенин айтат.
Өскөн-Ордо конушунда таза суу чоң көйгөйгө айланган. Жашоочулар ушул күнгө чейин суу сатып ичүүгө мажбур.

Айдоо аянтынан ишеним кат аркылуу жер участогун сатып алган жаран биринчи кезекте электр энергия, таза суу жана жол үчүн милдеттүү түрдө акча берет. Ортого акча төкпөсө там курууга суу, электр жарыгын ала албайт. Ошентип отуруп эл өзүн өзү каржылап толук болбосо дагы муктаждыгын чечип алган. Ушул күнгө чейин өз арабасын өзү тартып келген конуштарда, эми жерлер мыйзамдашса элдин мойнундагы жүк жеңилдейт.

Президент кол койгон мыйзам турак жай куруу пландалбаган жер тилкелерине үй салып алган адамдардын бир топ жылдан берки көйгөйүн чечүүгө багытталган. Жакын арада Министрлер кабинети мыйзамдын аткарылышы боюнча жобо кабыл алып, аны көзөмөлдөй турган органдарды аныктайт. Андан кийин жергиликтүү тургундарга маалымат бериле баштайт. Жерди трансформациялоо жумушун аткарууда жергиликтүү бийликтин милдети чоң.

Үмүттүн шооласы менен күн кечирип келген көпчүлүктүн тилеги орундалганы турат. Айдоо аянтына турак жай салынып кеткен жер тилкелердин категориясын которуу маселеси буга чейин бир нече ирет көтөрүлүп ишке ашпай келген. Президент Садыр Жапаров былтыр 13-ноябрь күнү "Жер пайдалануу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбооруна кол койгон. Анда “айыл чарба жоготуусун үлүш ээлери төлөсүн” деп жазылып калган. Ага кайра толуктоо киргизилип, тургундар айыл чарбадагы жоготууларга байланыштуу компенсацияларды төлөөдөн бошотулду. Жаңы мыйзамдын кабыл алынышы менен жерлер трансформация болмой болду.