Жаңылыктар
АКШ соту кумтөр ишин карайт
Кыргызстан жаңылыктары
АКШ соту кумтөр ишин карайт

Эртең "Нью-Йоркто "Центерра голд" компаниясынын арызы каралат. АКШнын сотунан калыс чечим чыгарууну талап кылган жарандык активисттер, Бишкектеги АКШнын элчилигинин алдына акцияга чыгышты. Май айынын соңунда Кыргызстандагы “Кумтөр” алтын кенин иштетип келген “Центерра Голд” компаниясы "Кумтөр голд" компаниясын банкрот деп таануу боюнча АКШнын сотуна кайрылган. Ал эми “Кумтөр” иши боюнча иликтөөнүн алгачкы жыйынтыктарына ылайык, кенди иштетүү боюнча келишимдердин бардыгы Кыргызстандын түпкү кызыкчылыктарына дал келбегендиги далилденген.

Жети-Өгүз районундагы Саруу айылынын тургуну Абай Узаков, “Кумтөр” кенин иштетүүдө келтирилген экологиялык зыянды көзү менен көрүп, жон териси менен сезгендердин бири. Алтын казуу ишинде жаратылышка жырткычтык менен мамиле кылынып жаткандыгын мындан 10 жыл мурда эле ачык айтып чыккан. Анын натыйжасында ошол кездеги бийликтин кысымынан эч себепсиз эле райондогу 24 бала арты 3 ай, алды 5 жыл соттолуп чыгышты. Жарандык активист кеч болсо да акыйкаттык орноп, алтын кендеги коррупциялык иштер ачыкка чыкканына ыраазы.

Абай Узаков сыяктуу жарандык активисттер Бишкектеги АКШ элчилигинин алдына Кумтөр алтын кенинин айланасындагы сот иштерине байланыштуу тынчытык акциясын өткөрүштү. Чогулгандар Кумтөр кенин иштеткен канадалык "Центерра голд" компаниясынын "Кумтөр голд" компаниясын кудуретсиз деп таануу боюнча арызы Нью-Йорктогу сотто калыс каралсын деген талап менен чыкты. 

Тынчтык акциянын башкы максаты - "Кумтөр" кен ишканасынын айланасындагы кырдаалга дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн буруу. Анткени кендеги экологиялык нормалардын бузулгандыгы эч кандай далил талап кылбаган учурда деле ачык көрүнүп турат. Кандай болгон күндө да, эми Акыркы 30 жылга жакын убакыт ичинде Кумтөрдөн мамлекетке келген эң ири зыяндардын бири бузулган экологиялык система кайра калыбына келбейт. Өндүрүш эрежелеринин так сакталбагандыгынан улам, Давыдов, Лысый жана бир катар мөңгүлөр эриди, Петров көлүнүн жана дарыя суулары канадалык компания тарабынан эч эсепсиз пайдаланылгандыгы далил болуп турат.

Кумтөрдү иштетүүдө жер кыртышынын бузулушу, Петров көлүнөн сууну акысыз пайдалануу, мөңгүлөрдү бүлүндүрүү жана булгоо, зыяндуу заттардын чыгарылышы боюнча далилдер тастыкталды. Дал ушул жагдайларга байланыштуу тиешелүү чечимдер кабыл алынбагандыгына байланыштуу, Нарын дарыясынын жана Ысык-Көл суусунун экологиясына коркунуч келиши мүмкүн болуп турат.

Кумтөр кениндеги иш бузулгандыгын тастыктаган негиздүү фактылардан кийин Кыргызстан кенге тышкы башкарууну киргизген. “Центерранын” топ менеджерлери кандай жол менен болсо да кендин ишин токтотуп, өздөрүнө ылайыктуу келишимге кол коюуга кыргыз бийлигин көндүрөбүз деп ойлошкон. Июнь айынан баштап, алар баардык ири, өзгөчө чет элдик товар жана кызмат көрсөтүүлөргө катары менен каттарды жиберип, кызматташууну бир тараптуу токтотконун эскертишкен. Тергөөнүн жүрүшүндө аныкталган коррупция фактыларын эске алуу менен "Кумтөр" долбоору боюнча макулдашууну денонсациялоо процесси башталды. Ошондой эле Суу кодексине кирген өзгөртүү-толуктоолорго байланыштуу укуктук баа берилет.

Ушул тапта УКМК Кыргызстандагы ири кенди иштетүүдөгү 30 жылга созулган мыйзамсыз иштерге аралашкандардын бир тобун камакка алды. Ал ортодо тергөө менен кызматташып жаткандар жана издөө жарыяланган жарандар да бар. УКМКдан тергөө тарабынан күнөөсү аныкталган бардык айыпталуучулардын аракеттерине ээлеген кызматына, сиңирген эмгегине карабастан объективдүү юридикалык баа берилерин белгилеп, иликтөө иштерин улантууда.