Жаңылыктар
Ооганстандагы кырдаал
Кыргызстан жаңылыктары
Ооганстандагы кырдаал

Ооганстандагы кырдаалга Президент Садыр Жапаров да көз салып турат. Мамлекет башчысы тиешелүү мамлекеттик органдарга Ооганстандагы кырдаалга ар тараптан мониторинг жүргүзүүнү тапшырды. Президенттин Администрациясы Мамлекет башчысы Афганистандагы абалдан Тышкы иштер министрлиги, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жана Коопсуздук Кеңешинин катчылыгы аркылуу саат сайын маалымат алып жатканын билдирди. Согуш токтобой келаткан аймакта кырдаал курчуп, “Талибан” кыймылы бүтүндөй Афганистанды көзөмөлгө алды. Мындан улам талибдер Борбор Азия өлкөлөрүнө коркунуч жаратабы деген кооптонуу пайда болуп, чектеш мамлекеттер аскердик даярдыктан өткөн.

Американын аскер күчтөрү чыгарыла баштагандан бери “Талибан” кыймылы баш көтөрүп, бүтүндөй Ооганстанды толугу менен көзөмөлгө алды. Алар кечээ күнү баш калаа Кабулга кирип, президенттик сарайды ээлеп алгандагы тартылган сүрөттөр социалдык тармактарга тарады. Буга чейин өкмөттү колдогон талаа командирлери качып же талибдерге кошулуп кетишкен. Президент Ашраф Гани кан төгүүлөрдү болтурбоо үчүн өлкөдөн сырткары чыгууга аргасыз болгонун билдирди. 

“Талибан” кыймылы террордук уюм катары таанылып келген. Ооганстандын коңшулаш өлкөлөрү кырдаалдан чочулап, аскердик машыгууларды өткөрүштү. Талибдерден качкан Афганистандын өкмөттүк күчтөрү улам Тажикстан менен Өзбекстанга качып кирүүдө. Борбор Азия мамлекеттери кырдаал курчуган аймакка көз салып турушат. Айрым адистер “Талибандын” идеологиясында башка мамлекеттерди басып алуу максаты жок экенин белгилеп, элди чочулабоого чакырат. Башка маселе эми алар менен дүйнө коомчулугу эсептешеби жокпу белгисиз. 

Айрым адистер “Талибан” башка өлкөлөргө түздөн-түз коркунуч жаратпайт дегени менен, алардын Ооганстандагы жеңиши бир катар террордук, экстремисттик топторду шыктандырып коюшу мүмкүн деп кооптонот. 

Ооганстандагы кырдаалга Президент Садыр Жапаров да көз салып турат. Президенттин Администрациясы мамлекет башчысы Тышкы иштер министрлиги, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети, Коопсуздук кеңеши катчылыгы аркылуу саат сайын кабар алып жатканын билдирди. Тиешелүү органдар Ооганстандагы кырдаалга мониторинг жүргүзөт. Тышкы иштер министрлигине Афганистанда убактылуу жүргөн жарандар менен дайым байланышта болуу, алардын коопсуздугун камсыз кылуу тапшырылды. 

“Талибан” Ооганстанда согуш токтогонун жарыялап, бийликти өткөрүп алууну күтүп жатканын билдирди. Бирок анын катаал режимин колдогондор көп эмес. Өлкөдөн чыгып кетүү үчүн Кабул аэропортуна миңдеген адамдар чогулду. Учактын жолу торолгондуктан эскертүү иретинде абага ок атылып, бошотулду. Бириккен Улуттар Уюму Ооганстан менен чектеш өлкөлөрдү чек араны ачык кармоого чакырып, качкындар маселесин көтөрдү. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Бириккен Улуттар Уюмунун качкындар боюнча конвенциясына ылайык Кыргызстан бул өлкөдөн 1200 адамга баш паанек берүүгө милдеттүү экенин билдирүүдө.