Улуттук банк коронавируска байланыштуу убактылуу токтотулган айрым операцияларды кайра баштайт. Бул тууралуу банктын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Улуттук банк «Эгемен Кыргыз Республикасына – 30 жыл» жаңы коллекциялык монетасын жүгүртүүгө чыгарып жаткандыгына байланыштуу 16-августтан тартып нумизматикалык баалуулуктарды, өлчөнгөн алтын куймаларын сатуу, ошондой эле эскилиги жеткен акчаларды алмаштыруу операцияларын кайрадан жүргүзө баштайт. Коллекциялык монеталарды сатуу Улуттук банктын мекемелеринин кассаларында иш күндөрү саат 9:00дөн 15:00гө чейин жүргүзүлөт, ошондой эле www.numizmat.nbkr.kg веб сайты аркылуу маалыматтарды билүүгө болот.
Эскерте кетсек, Улуттук банк коронавирустун жайылуусуна байланыштуу июль айынын башында айрым операцияларды убактылуу токтоткон.