Ооганстандан Кыргызстанга "качкын" макамын сурап кайрылгандар азырынча жок. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин качкындар жана кайрылмандар менен иштөө башкармалыгынын башчысы Жыпара Мамбетова билдирген.
Анын айтымында, Тажикстан менен чек ара ачылса Кыргызстанга да Ооганстандан качкындар өтүп келиши мүмкүн. "Ооганстанда кырдаал курчугандан бери бизге "качкын" макамын сурап кайрылгандар жок. Бирок бизге да качкындар өтүп келиши мүмкүн деген божомол бар. Ооганстандык жарандар башпаанек сурап акыркы жолу эки ай мурда кайрылышкан. Учурда Ооганстандын 73 жаранына "качкын" макамы берилген, дагы 67 ооганстандыктын башпаанек сураган өтүнүчү каралууда. Мамбетова башпаанек берүү өтүнүчү жарым жылга чейинки аралыкта каралат-дейт. Кыргызстан 1996-жылдан бери Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар иши боюнча Конвенциясына мүчө.
Соңку маалыматтарга ылайык талибдер ооган баш калаасы Кабул толугу менен көзөмөлүнө өткөнүн билдирди. Президент Ашраф Гани өлкөдөн чыгып кетти. "Талибан" кыймылынын расмий өкүлү Мухаммед Наим "Аль-Жазира” телеканалы аркылуу Кабулдагы президенттик сарайдан "Ооганстанда согуш бүттү" деп жарыялады. АКШ баштаган Батыш өлкөлөрү Кабулдагы дипломаттарын эвакуациялап жатат.