Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Айбек Жунушалиевдин төрагалыгы астында эгемендүүлүк күнүнө карата даярдыктар боюнча жыйын өттү.
Анда райондордун акимдери майрамга даярдык көрүү боюнча пландары тууралуу маалымат беришти. Борбордук аянтта майрам уюштуруу боюнча иш планы көтөрүлдү, райондордо майрамдык салтанаттарды уюштуруунун бирдиктүү концепциясы иштелип чыгып, жооптуу кызматтар жана кызматкерлер дайындалды.