Президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен Гүлмира Абдралиева Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун жетекчиси болуп дайындалды.
Уюмдун мурдагы башчысы Мырзабек Жыпаркулов мурдараак Бишкек мэриясынын аппарат жетекчилигине дайындалган. Абдралиева буга чейин Транспорт, архитектура жана байланыш министри болуп иштеген.