Жаңылыктар
Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 млрд 948 млн кубметрге жетти
Кыргызстан жаңылыктары
Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 млрд 948 млн кубметрге жетти

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 млрд 948 млн кубметрге жетти. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасы билдирди. 

Маалыматка ылайык, суунун агып келүүсү секундасына 461 кубметрди түзсө, агып чыгуусу 357 кубметрге жетүүдө. 

Белгилей кетсек, суу сактагыч Нарын дарыясынын жогорку агымындагы мөңгүлөрдүн эриген көлөмүнө жараша толот.