Жаңылыктар
Токмок шаарындагы турак үйлөрдүн биринен өрт чыкты
Кыргызстан жаңылыктары
Токмок шаарындагы турак үйлөрдүн биринен өрт чыкты

Токмок шаарынын Саадаева көчөсүндө турак үйдүн жыгач устундуу шифер менен жабылган чатыры болжол менен 100 чарчы метр, сарайынын ичи болжол менен 100 чарчы метр жана үстүндө жыйналган 600 даана түк чөп күйдү. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди. 

Өрт тууралуу маалымат болжол менен саат 20:15 түшүп, өрттү өчүрүүгө эки бөлүм тартылды. 21:30да өрт чектөөгө алынып, 01:35те толук өчүрүлдү. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда, жабыркагандар жок.